БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Соцтармак колдонуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун ырдаган видеосун талкуулап, айрымдары мактап, кээ бири сынга алды.
Жакында эле Twitter баракчасына "Кыргыз радиосунун" 25-декабрда болгон эфири жарыяланган. Анда Икрамов, вице-спикер Аида Касымалиева жана белгилүү ырчы Токтобүбү Черикчиева Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" чыгармасын аткарышкан.
Депутаттын ырдаган видеосу соцтармакка тарагандан кийин колдонуучулар ага түрдүү пикирлерин жазышты.
Көпчүлүгү эл өкүлүнүн жакшы ырдай турганын белгилешкен. Айрымдары "депутат эмес, ырчы эле болуп алса болмок" деп жазса, дагы бири "кесипти туура эмес тандап алыптыр" деп какшыкташкан.
Арасында сындагандар да чыгып, "ырдагандан көрө элдин көйгөйүн чечпейби" деген пикир калтырышкан. Дагы бир колдонуучу "көп мактабагыла, "эмгек сиңирген артист" деген наамды алып албасын" деп тамашага салган.