Ош облустук милициясын Жеӊишбек Абитов башкармай болду. Сүрөт

Ош ОИИБдин начальниги, мурдагы комендант Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгын Жеӊишбек Абитов жетектемей болду. Бул тууралуу ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Бүгүн, 26-декабрь күнү, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков Жеӊишбек Абитовду өздүк курамга тааныштырды.

Эске салсак, буга чейинки жетекчи Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ал бир айдай амбулатордук дарыланууда болгону айтылган.