Баткен согушунун ардагерине кайрымдуу адамдар үй салып берди. Видео

Курулуш иштерин Баткен согушунун ардагерлери акысыз ашар жолу менен бүтүрүшкөн. Ал эми каражат чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар, кайрымдуу инсандар тарабынан чогулду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Ош шаарында жашаган Баткен согушунун ардагери, үчүнчү топтогу майып Руслан Абдулганиевге жаңы салынган үйдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаштагы Абдулганиев буга чейин Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган авариялык абалдагы эски тамда 63 жаштагы энеси Екатерина Абдулганиева менен күн кечирип келген. Анын жашоо-шартын Sputnik агенттигинин кабарчысы май айында тартып, сайтка жарыяланган.

Үй-бүлөгө ак өргө тургузуп берүү милдетин "Ак-Ниет-Аманат" фонду демилгелеп, колго алган. Курулуш иштерин Баткен согушунун ардагерлери акысыз ашар жолу менен бүтүрүшкөн. Ал эми каражат чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар, кайрымдуу инсандар тарабынан чогултулганы айтылды. Үйдүн курулуш иштери 2020-жылдын июнь айында башталып, алты ай аралыгында үч бөлмөлүү үй толугу менен бүткөрүлгөн. Абдулганиев жардам колун сунгандарга ыраазычылык билдирди.

Жагымдуу саамалыкка үй ээсинин жакын санаалаштары, достору, Баткен согушунун катышуучулары жана фонддун өкүлдөрү катышты.

Сүйүнчү! Темир контейнерде жашаган каарманыбызга кайрымдуу адамдар үй салып берди
Ак өргөлүү болгон Абдулганиев эми үй-бүлө куруп, балалуу болуу ниети бар экенин билдирди.

Руслан Абдулганиев 1999-жылы 19 жашында Алай районундагы аскер бөлүгүндө телефон байланыштарын көзөмөлдөөчү болуп кызмат өтөгөн. Ошол жылы террордук топтун мүчөлөрү Кыргызстандын түштүк аймагын басып киргенде, башка мекендештери сыяктуу Абдулганиев дагы эли-жерин коргоо үчүн Чоң Алайдын чек ара тарабына аттанган. Ал бир ирет снайпердин огунан аман калган, бирок экинчи жолу апаат аны сол колунун манжаларын алып, биротоло майыпка айланткан.