Кыргызстан коронавируска каршы 1,2 миллион доза вакцина алууга билдирме берди

ДССУ тарабынан жактырылган вакцинаны алгандан кийин өлкө калкынын 20 пайыздан ашыгын эмдөөгө болору айтылат. Бул вакциналар коронавирусту жуктурбаганга жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстан коронавирустан коргогон 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга билдирме берди. Ал COVAX (Вакциналар боюнча глобалдык альянс) демилгесинин алкагында ишке ашарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакцинаны алгандан кийин өлкө калкынын 20 пайыздан ашыгын эмдөөгө болот", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик COVID боюнча жагымдуу жаңылыктарды айтты. Тизме
Вице-премьер, Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоону, анын ичинде жабдуулардын техникалык абалын текшерүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган. Ал чет өлкөлөрдүн бириндеги ооруканада кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам жарылуу болгонун мисал келтирген.