Баткенде шахтага түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Мындан эки күн мурда Сүлүктү шаарында "Ашымбай" (ЖЧК) шахтасы урап, ичинде бир киши калып калган. Аны издөөгө бир нече адам тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Баткенде шахтага түшүп кеткен кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Эске салсак, 22-декабрь күнү эртең менен Баткендин Сүлүктү шаарында "Ашымбай" (ЖЧК) шахтасы урап, ичинде бир киши калып калган. Ал 37 жашта экени кийинчерээк такталган.

23-декабрь күнү кырсык болгон жерге 16 куткаруучу, ИИМден алты кызматкери жана 20 шахта кызматкери издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Алар кишинин сөөгүн алып чыгышып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.