БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Каталондук "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси футбол тарыхында бир команда үчүн ойноп киргизген голдордун саны боюнча мыкты бомбардир болду. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.
Испания чемпионатынын 15-турундагы "Вальядолид" менен "Барселона" беттешинин 65-мүнөтүндө Месси гол киргизген. 33 жаштагы аргентиналык футболчунун каталондук клуб үчүн тепкен 644-голу болду. Бул футбол тарыхында абсолюттук рекорд болуп саналат.
Муну менен Месси бразилиялык футбол легендасы Пелени ашып өттү. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону 1956-1974-жылдары "Сантос" клубунда ойноп, 643 гол киргизген.
Месси Испания чемпионатынын өткөн турунда гол киргизип, Пеленин рекордун кайталаган эле. Бразилиялык дүйнө чемпиону бул жетишкендикти белгилеп, аргентиналык чабуулчуну куттуктаган болчу.