БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммы көбүнесе балдарды жабыркатат. Бул тууралуу терапевт Александр Лаврищевго шилтеме берип "Газета.Ru" жазды.
"SARS-CoV-2 балдардын организмине көп таасир эте албай жаткан. Бирок вирустар дарыларга жана жабыркаткысы келген организмдерге адаптация болот. Жаңы штамм вирустун мутациясынан улам пайда болду. Азыр алар өтө жугуштуу. Балдарга дагы көп жуга башташы мүмкүн”, — деди адис.
Бирок инфекционист Анна Баландина бул балдар айрым чоңдордой болуп катуу формасына кабылат дегенди түшүндүрбөйт деген оюн айтты.
"Балдардын организми вируска ыкчам реакция берип, анын тарап кетишине тез бөгөт коёт. Андыктан оору анча билинбей өтүп кетиши мүмкүн. Бул организмдин тубаса касиети. Бирок ал жаш өткөн сайын жоголот”, — деди дарыгер.
Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени кабарланган.