Доллардын баасы 84 сомдон ашты

Бүгүн эртең менен эле акча алмаштыруу жайлары менен банктарда доллар 82,6 сомдон сатып алынып, 83 сомдон сатылып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бүгүн бир катар банктарда доллардын баасы 84 сомдон ашты. Бул тууралуу маалымат Valuta.kg сайтына жарыяланды.

Доллар кайра кымбаттай баштады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү
Бүгүн эртең менен эле акча алмаштыруу жайлары менен банктарда доллар 82,6 сомдон сатып алынып, 83 сомдон сатылып жаткан.

Ал эми саат 12:00дө чет элдик валютанын баасы төмөнкүчө өзгөрдү:

Акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда сатып алуу  83,6 сомдон 84 сомго чейин, ал эми сатуу  84 сомдон 84,4 сомго чейин болууда.