Өлкөнүн эң мыкты айыл өкмөтү деп Ала-Букадагы айыл аймагы табылды

Кыргызстанда мыкты деп табылган алты айыл өкмөткө берилген байгенин суммасы алты миллион сомду түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Вице-премьер Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер пандемия маалында айыл өкмөттөр чоң милдеттерди аткаргандыгын белгилеген.

Өлкө аймагы боюнча мыкты деп табылган алты айыл өкмөткө берилген байгенин суммасы алты миллион сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2019-жылдагы иши эки топко бөлүнүп бааланган. Биринчисине шарты жакшы айыл өкмөттөр, экинчиге оор шарттагы айыл өкмөттөр кирет. Бул сынак жергиликтүү бийликтин ишине дем берүү максатында уюштурулуп келери айтылды.

Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • I орун — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом;
  • II орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом;
  • III орунда — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом;

Экинчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • I орун — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом;
  • II орун — Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом;
  • III орун — Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом.

Былтыр бул сыйлыктар кайсы айыл өкмөттөргө буюрганын бул шилтемеден окуй аласыздар.