Министрлик COVID боюнча жагымдуу жаңылыктарды айтты. Тизме

Өлкөдө жаңы ооруканалардын курулушу аяктап, коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алынганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова Кыргызстандагы коронавирус боюнча кырдаал тууралуу жагымдуу жаңылыктар менен бөлүштү.

Акматова айткан маалыматтар:

  • Өлкөнүн бардык аймагында коронавирус менен ооругандардын саны азайып, айыккандар көбөйүүдө;
  • Ош шаарында 100 орундуу тез курулуучу контейнерлерден куралган жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, толук кандуу иштеп баштады;
  • 25-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунда дарылоо мекемеси ачылат, учурда анын курулушу 90 пайызга аяктады;
  • Россиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алып келинди. Алар алыскы региондордо колдонулуп жатат;
  • COVID-19 боюнча ыкчам долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 19 санитардык автоунаа алып берди;
  • Мамлекеттик материалдык резерв саламаттык сактоону уюштуруу үчүн дары-дармек сатып алды.