БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгонун муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, Эльнура Жолдошева "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын директорлук кызматынан бошотулду. Ал өз арызынын негизинде кеткен.
Жолдошеваны иштен алуу боюнча буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Муниципалдык ишкананы директордун орун басары Айгүл Наватова убактылуу башкарат.