Бишкекте унаа уурдалган учур видеого түшүп калып, эки бала менен чоң киши кармалды

400 миң сомдук Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа 16-декабрда Бишкек шаарынан уурдалган. Ал машина жуучу жайдын алдына токтотулган эле.
Sputnik

Бир эркек менен эки өспүрүм Бишкектеги Горький көчөсүндө токтоп турган автоунааны уурдай качты деп шектелүүдө. Бул тууралуу калаанын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Honda Fit автокөлүгү 16-декабрда саат 3:00 менен 6:00дөр ортосунда уурдалган.

Оштон автоунаа айдай качкан жаранды Токтогулдун инспектору кууп жүрүп кармады
Кожоюну кайрылган соң укук коргоо органдары КР Жазык кодексинин 206-беренесине ("Автотранспорт каражатын уурдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы бир киши жана эки өспүрүм кармалды. Чоң киши Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилип, өспүрүмдөр жашы жете электигине байланыштуу милдеттенмелер жүктөлүп, үйүнө жиберилди.

Милиция бул жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бары-жогун иликтеп жатат.