"Унаа" ишканасынын кызматы үч эсе арзандады. Чечим качан күчүнө кирет

Кызмат көрсөтүүнүн тарифи азыркы баага салыштырмалуу орточо алганда 34,2 пайызга төмөндөтүлгөн. Жаңы тарифтерди 2021-жылдын 1-январынан тарта колдонууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тарифи Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин буйругу менен төмөндөтүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка 18-декабрда кол коюлган.

"Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер төмөндөтүлдү. Кызмат көрсөтүүнүн тарифи кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү боюнча азыркы баага салыштырмалуу орточо алганда 34,2 пайызга арзандаган", — деп айтылат маалыматта.

Тарифтер 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Монополияга каршы агенттик билдиргендей, "Унаа" ишканасына монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн республикалык бюджеттин пайдасына 130 миллион сомдон ашык өлчөмдө айып пул салынган.