Дартты 132 киши жуктуруп, бир бейтап көз жумду. COVID боюнча статистика

Өлкөдө коронавирусту жуктургандар 80 миңге жакындап, анын дээрлик көбү айыкты. Ал эми миңден ашуун бейтап ооруну жеңе албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 132 киши коронавирус жуктуруп алды, ал эми 225 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 45;
  • Ош — 6;
  • Чүй облусу — 21;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 32;
  • Жалал-Абад облусу — 16;
  • Баткен облусу — 6.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган кишилердин саны 79 254кө жетти.

Ал эми COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда, төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 80;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй облусу — 34;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 28;
  • Жалал-Абад облусу — 24;
  • Баткен облусу — 21.

Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңгендердин саны 73 005 болду.

Ал эми COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам көз жумган. Ал Баткен облусунда дарыланып жаткан. Каза болгондордун жалпы саны 1 331ге жетти.

Ошондой эле стационарда 1 636 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 28 адам канааттандырарлык абалда, 1088и орточо, 438и оор, 82си өтө оор абалда.