Белгилүү опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Кечеге Опера жана балет театрынын учурдагы көрүнүктүү солисттери катышып, көрөрмандар Артык Мырзабаевдин репертуарындагы чыгармаларды угушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, залкар опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Концертте КР президентинин аппаратынын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Артык Мырзабаевдин сахналаштары, замандаштары, шакирттери жана туугандары сөз сүйлөдү.

Кечеге Опера жана балет театрынын азыркы учурдагы көрүнүктүү солисттери катышып, көрөрмандар Артык Мырзабаевдин репертуарындагы опера арияларын жана вокалдык чыгармаларды, ошондой эле дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды да угушкан.

Артык Мырзабаев 1930-жылы Чүйдүн Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында улуулар менен тең катар колхоздо иштеген. Аны "1941-45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка кошкон салымы үчүн" медалына да көрсөтүшкөн.

1949-жылы Артык Мырзабаев Фрунзедеги музыкалык хореографиялык окуу жайына тапшырып, экинчи курсту аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын хорунун артисти болуп кабыл алынат. 1954-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына ишке алынып, "Айчүрөк" операсындагы Семетей партиясы аркылуу тааныла баштаган.

Момун чалдан король Лирге чейин. Актёр Марат Алышпаевдин сүрөттөгү ирмемдери
Артык Мырзабаев баритон үчүн жазылган орус жана чет элдик классикалык опералардын бардык партияларын аткарган. Алар: "Фаусттагы" Валентиндин, "Травиатадагы" Жермондун, "Лакмедеги" Фредериктин, "Дон Карлостогу" Родриго ди Позанын, "Иолантадагы" Роберттин, "Евгений Онегиндеги" Евгений Онегиндин, "Кармендеги" Эскамильонун жана башка партиялар эле.

Ал өзгөчө уккулуктуу баритондун гана ээси болбостон, драмалык актер катары да таанылган.

Артык Мырзабаев 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.