Көзөмөлүмө алам. Сурабалдиева 13 жаштагы зордукталган кыздын энесине жолукту. Сүрөт

Вице-премьер керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органына тапшырма бергенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Тоң районунда зордукталган он үч жаштагы кыздын апасы менен жолукту.

Сурабалдиева бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, маалыматты угары менен керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик, жергиликтүү органдарга тапшырма бергенин айткан.

"Коомчулук мындай окуяларга унчукпай карап калбашы керек. Зордуктоонун курмандыктары, өзгөчө балдарга карата жасалган кордуктарга социалдык кызматтардын өзгөчө көңүл бурушун талап кылат. Биз ар бир жаран өзүн корголгонун сезе турган системаны орнотушубуз керек", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле ал аялдардын, өспүрүмдөрдүн зордуктоого кабылбасы үчүн алдын алган иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.

13 жашар кыздын зордукталышы: сот райондук судьянын өкүмүнө түшүндүрмө берди
Жыйындын соңунда вице-премьер жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилгени айтылат.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актаганы коомчулукта катуу нааразычылыкты жаратты.

Бул иш боюнча ЮНИСЕФ, "БУУ — Аялдар" жана адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгы да үн катып, күнөөлүү адамдар адам укугу боюнча эл аралык стандарттардын негизинде жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилешкен.

Кийинчерээк кыздын ата-энеси жана прокуратура облустук сотко апелляциялык арыз менен даттанган.