БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус төрт кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
Алар:
- Бишкек шаарында — 1;
- Ош облусунда — 2;
- Баткен облусунда — 1.
Кыргызстанда жалпысынан COVID инфекциясынан 1 328 адам каза болду.
Учурда стационарда Кыргызстан боюнча 1 694 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:
- 24 адам - канааттандырарлык абалда;
- 1109 - орто оордукта;
- 476 - оор абалда;
- 85 - өтө оор абалда жатат.
Ал эми амбулатордук дарыланууда 2 551 адамдын бар экени айтылды.