Ыраак радиобайланыш илим-изилдөө институтунун бул иштелмеси Россияга түштүк чегинин коопсуздугун кыйла арттырууга мүмкүндүк берип, мамлекеттик чек аралардын бузулушуна жол бербейт. "Стратегия" өзүнө Кара деңиз флотуна жеткиликтүү көз салуу каражаттарынын эч бирин караандатпайт. Аталган система жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Деңиз алаканга салгандай көрүнүп
Деңизге көз салуучу заманбап тутумдардын көпчүлүгүн адатта бир түйүнгө туташтырылган жана жээктеги линиядан оголе алыс аралыктан деңизди сканерлеген радиолокациялык станциялар түзөт. Кемелердин кыймылы туурасында бардык маалымат бирдиктүү борборго берилет, чечимдер ошол жакта кабыл алынат. Мисалы, эреже бузгандарды кармоо системасы буга кирет.
"Стратегия" дагы радиолокациялардын принцибине негизделген. Ал реалдуу режимде аракет аймагындагы бардык кемелердин жана суднолордун координаттарын автоматтык түрдө аныктай алат. Сигнатура же деңиздеги кеменин жеке портретин тарта алат, ага жараша анын түрүн жана кай жакка таандык экени билинет. Анан, албетте, кыймылдын негизги параметрлерин: багытын, ылдамдыгын жазып алат. Билишимче, ушундай эле система Арктика аймагында да түзүлүүдө", – деп түшүндүрөт РФтеги "Арсенал Отечества" журналынын башкы редактору Виктор Мураховский.
"РФте бүгүн суу үстүндөгү абалга көз салуу менен Флотторду башкаруу борборунун адистери алектенет. Бул структура совет убагынан калган. Операторлор аябагандай көлөмдүү маалыматтарды көбүнесе кол менен иштеп чыгышат. Мурда да ошондой болчу. Мисалы, Абадан коргонуу тутумунда планшетист деген атайын кызмат болгон. Бул адистер абадагы жагдайдын өзгөрүүлөрүн тунук карталуу экранга маркер менен жазышкан. Чагыбызда буларды компьютер аткарат. Жаңы тутумда мындай күндөлүк иштердин басымдуу бөлүгү автоматикага жүктөлгөн", – дейт Мураховский.
Системаны түзгөндөр "Стратегия" радиолокацияны гана эмес, спутниктик жана жердеги автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды, флотко объективдүү маалымат берүүчү ички каналдарды да пайдалана аларына ынандырышат. Мындан тышкары, ал маалымат алып жаткан техникалык каражаттар жана комплекстер менен эки тараптуу тартипте иштейт.
Бул тармакта Ыраак радиобайланыш илим-изилдөө институтунун адистеринин тажрыйбасы жетиштүү экени шексиз. "Воронеж-ДМ" ракеталык кол салуунун алдын алуучу системалар станциясын, "Подсолнух", "Контейнер" горизонт чегинен тыш радарларын жана башка колдонуудагы көптөгөн түзүлүштөр дал ошолордун колунан чыккан.
Байма-бай каттап...
Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөө Россия үчүн дегеле курулай маселе эмес. Соңку жылдары НАТОнун атайын бөлүктөрү бул тарапка көп келчү болушту. Сентябрдын аягында РФ Генштабынын башкы оперативдик башкармалыгынын жетекчиси Сергей Рудской 2020-жылы Түндүк атлантикалык альянстын аскердик кемелери былтыркыга караганда Кара деңизде үчтөн бирге узак жүрүшкөнүн маалымдаган.
"Бул кемелердин 40 пайызга жакыны ыраакка өтө таамай ок атуучуларды ташыйт. Атап айтканда, Кара деңизге Кошмо штаттардын Tomahawk ракеталарынан 90 бирдик ташууга жөндөмдүү болгон Roosvelt эсминеци бир нече ирет кирген",— деп тактады Рудской.
Негизи НАТОнун Аскердик-деңиз күчтөрүн Кара деңизде дайым машыгуусун тизгиндеп турган жалгыз нерсе – 1936-жылы кол коюлган Монтре конвенциясы". Макулдашуу Босфор жана Дарданелла кысыктарынын макамын аныктап, ошондой эле Кара деңизге тиешеси жок мамлекеттердин аскердик кемелеринин акваторияга киришин үч апталык мөөнөт менен чектейт. Андан сырткары, конвенцияга ылайык бир эле убакта тогузга жакын ушундай кемелер жүрө алышат. Анан да жалпы жүгү 30 миң тоннадан ашпоого тийиш.
Батыштын Аскердик-деңиз күчтөрүн эң оболу, албетте, Крым кызыктырат. Батыш өлкөлөрүнүн кемелери жарым аралга бир нече жолу жакындап, чалгындоочу учактар жана учкучсуздар Россиянын аба мейкиндигинин чек арасын улам айланып турган.
Альянс Крымдагы аскердик объектилердин жайгашуусун, ошондой эле кайсы жыштыктарда байланышын, навигация жана радиоэлектрондук күрөш тутумдар иштерин аныктоого далалат кылат.
Аймактагы артыкчылык
АКШ жана союздаштары Россиянын Кара деңиздеги аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө абдан тынчсыздангандарын жашырышпайт. Ал тургай ушул айда америкалык RAND стратегиялык изилдөө борбору Кара деңиз флоту менен аймактагы НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аскердик-деңиз күчтөрүнүн тирешин үстөл үстүндөгү оюн сымал түзүп чыккан.
Америкалык аналитиктер "Россия НАТО өлкөлөрү менен куралдуу жаңжалга киришпей туруп деле Кара деңиздеги көзөмөлдү колдон чыгарбайт" деген бүтүмгө келишкен.
Бул үчүн Москванын аба категориясына кирбеген каражаттардын кыйла олуттуу арсеналы бар. Аларга RAND эксперттери психологиялык чабуулдарды, кибернетикалык операцияларды, маалыматтык соккуларды, ошондой эле радиоэлектрондук күрөштү киргизет.