Кайталап көргүң келет! UWW Улукбектин күрөштөгү ыкмасын мыкты деп тапты. Видео

Ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча мелдеш уланууда. Кыргызстандан жети балбан катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбековдун Дүйнө кубогунда атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты ыкма деп атады. UWW кыргыз балбанынын видеосун Instagram баракчасына жарыялаган.

Видеонун алдына "Белграддагы жекелик Дүйнө кубогу 2020 мелдешинин алтынчы күнүндө Улукбек Жолдошбековдон керемет ыкма" деген комментарий жазылган.

UWW Тыныбекованын атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады. Видео
61 килограмм салмакта таймашкан эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 1/8 финалда аргентиналык Агустин Дестрибац менен кез келип, кармаштын башында эле төрт баллдык ыкма жасаган.

Тилекке каршы, беттештин жыйынтыгында аргентиналык балбан упай айырмасында утуп кетти.

Сербиянын Белград шаарында эркин күрөштөн мелдеш уланууда. Кыргызстандан жети балбан күрөшүп, 70 килограмм салмакта Исламбек Орозбеков коло медаль утту.