Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

"Тогуз коргоол", "тогыз кумалак", "мангала" деген аталыш менен Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын биргелешкен номинациясы болот.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Тогуз коргоол салттуу оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалат.

Netflix көк бөрү жөнүндө фильм тартты. Трейлери
Чечим 17-декабрда ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча кезектеги сессиясында кабыл алынган. Жыйын Ямайканын Кингстон шаарында 14-19-декабрь күндөрү онлайн форматта өтүп жатат.

Интеллектуалдык жана стратегиялык салттык оюн "тогуз коргоол", "тогыз кумалак", "мангала" деген аталыш менен Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын биргелешкен номинациясы болот.

Номинация Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы, Тогуз коргоол федерациясы жана "Айгине" маданий-изилдөө борбору тарабынан 2019-жылы даярдалган. Бул жылы тизмеге киргизүү үчүн 42 номинация сунушталган.

Тогуз коргоол оюнунун эрежеси жана тарыхы тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар.