Өткөн жылга салыштырмалуу көз жумгандардын саны быйыл 5,5 миң адамга көп

Расмий маалыматтарга таянсак, быйыл Кыргызстан боюнча 143 миңден ашык ымыркай төрөлсө, 36 миңге жакын адам каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2020-жылы каза болгон кыргызстандыктар 5,5 миңге көп болгонун Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мындай көрсөткүч эмне менен байланыштуу экени тактала элек, бирок быйыл 1 324 адам коронавирусту жуктуруп каза болгону белгилүү.

Быйыл жарандык абалдын актылары (ЖАА) жылдын 11 айы боюнча төмөнкүчө катталган:

  • 143 401 төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген;
  • 35 740 каза болгондугу тууралуу күбөлүк берилген;
  • 34 905 нике тууралуу күбөлүк берилген;
  • 17 500 аталыгы аныкталганы боюнча күбөлүк берилген;
  • 17 миңге чукул жаран аты-жөнүн алмаштырган күбөлүк берилген;
  • 8 000 ажырашканы боюнча күбөлүк берилген;
  • 674 асырап алуу тууралуу күбөлүк берилген.

Былтыркыга караганда быйыл Мамкаттоо ар кыл актыларды 40 миңге аз каттаган. 2019-жылы ал көрсөткүч 257 320 болгон.