Ноябрда коронавирус менен күрөшкөн медиктердин саны жана компенсациянын суммасы

Ноябрь айында компенсациялык төлөмдөр да көп берилген. Тагыраагы, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медиктердин кошумча акчасына 52 миллион 225 миң сом сарптаганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Ноябрь айында коронавирус менен күрөшүүгө жети миң медайым жана санитарка тартылган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, өткөн айда оору менен күрөшүүгө 141 саламаттык сактоо уюмунан 7 319 медайым жана санитарка тартылып, алар оорунун очогунда иштешкен. Октябрь айына салыштырмалуу 2 483кө көбүрөөк медик кызмат кылган.

"Ноябрь айында компенсациялык төлөмдөр да көп берилген. Тагыраагы, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медиктердин кошумча акчасына 52 миллион 225 миң сом короткон", — деп айтылат маалыматта.

Ишке тартылган медиктердин саны жана төлөнгөн компенсациянын суммасы:

Бишкек

  • 1 342 медайым, 444 санитарка — 43 млн. 52 миң сом;

Ош

  • 1 046 медайым, 659 санитарка — 32 млн. 24 миң сом;

Чүй облусу

  • 552 медайым (9 млн. 235 миң сом) жана 263 санитарка (5 млн. 395 миң сом);

Баткен облусу

  • 361 медайым (6 млн. 815 миң сом) жана 214 санитарка (3 млн. 929 миң сом);

Жалал-Абад облусу

  • 842 медайым (14 млн. 245 миң сом) жана 418 санитарка (8 млн. 335 миң сом);

Ысык-Көл облусу

  • 351 медайым (7 млн. 633 миң сом) жана 248 санитарка (5 млн. 150 миң сом);

Нарын облусу

  • 152 медайым (2 млн. 105 миң сом) жана 92 санитарка (1 млн. 292 миң сом);

Талас облусу

  • 232 медайым (4 млн. 688 миң сом) жана 103 санитарка (2 млн. 29 миң сом).