Буту менен мойну өзгөчө узун ит АКШда жашайт. Видео

Иттин өзүнүн Instagram баракчасы бар, ага 27 миңге чукул киши катталып, өзгөчө жаныбардын жашоосуна көз салып турушат.
Sputnik

АКШнын Висконсин штатындагы жибек жүндүү ит адаттагыдан башкача узун мойну жана буту менен социалдык тармактын жылдызына айланды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Бир жаштагы Клеонун өзгөчөлүгүнөн улам итке караганда акырага көбүрөөк окшоштугун айтышат.

2019-жылы Клэр Пюиссан аттуу аял аны Огайо штатындагы ит баккан кишиден алып келген.

Эми иттин өзүнүн Instagram баракчасы бар, ага 27 миңге чукул киши катталып, өзгөчө жаныбардын жашоосуна көз салып турушат. Кожойкеси ага түстүү кийимдерди тигип берип, сүрөткө тартып, баракчага жүктөп турат.

Клэр Пюиссан иттин узун мойну менен буттарынан улам ага кийим табуу кыйын экендигин мойнуна алган.

Индияда ээси менен обон созгон ит интернетти жарды. Видео
Ал иттин абдан акылдуу, шайыр жана кыймылдуу экендигин айтып берген. Андан тышкары, уйкуну, аскага чыкканды жакшы көрөрүн кошумчалаган. Анын Абелина деп аталган "кошунасы" бар.

Дүйнөдөгү кызыктардын катарын толуктаган бул итке суктанып комментарий калтыргандар да көп. Алардын бири киши менен сүйлөшкөнсүп, "Модель боло турган жөнүң бар экен, себеби буттарың узун тура" деген суктануусун калтырган.

Буга чейин социалдык тармакка дагы бир өзгөчө таланттуу, бийчи иттин ролиги чыккан. Үлпөт тоюнда кожойкеси менен бийге түшкөн ит интернет колдонуучуларынын жүрөгүн элжиреткен жайы бар.