Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу кыз квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук жана украиналык спортчулардан мыкты экенин көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болду. Ал чехиялык Адела Ханзликовичти 8:2 эсебинде утуп алды.

Айсулуу Тыныбекова: күйөрмандардын сүрөөсү мага күч берет
Таймашты Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайты түз көрсөтүп жатат.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде Жуманазарова квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук, украиналык спортчулардан мыкты экенин көрсөткөн.

Мээрим Жуманазарова ийининен операция болуп, бир жыл мелдештерге чыккан эмес. Бул кыргызстандык спортчу үчүн экинчи мелдеши. Буга чейин ал ноябрдын башында Польшада өткөн Poland Open 2020 эл аралык мелдешине катышып, анда да алтын медаль тагынган.

Эскерте кетсек, Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограммда Айсулуу Тыныбекова чемпион болду.