Финпол: издөөдө жүргөн жаранга мыйзамсыз паспорт берген факты аныкталды

Өзбекстандын жараны Нематжон Хомидов 2018-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого турган. Ошондой эле ага кыргыз жарандыгы берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы буга чейин соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранга мыйзамсыз паспорт берилген фактыны аныктады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мындай учур Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча Финансы полициясы тарабынан паспорт берүү учурунда аныкталган.

"Өзбекстандын жараны Нематжон Хомидов 2018-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого турган. Ошондой эле ага кыргыз жарандыгы берилген. Бирок паспорт берүү учурунда ал адам чет өлкөдө экени такталып, жети жылдан бери өз өлкөсүнө кирбей жүргөнү аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанга чоочун бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган аял кармалды
Ички иштер министрлигинин маалыматы билдиргендей, бул адам мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ошондой эле Өзбекстандын Жазык кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүнүн А пункту ("Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу") боюнча соттолгон.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 330-беренеси ("Паспортту мыйзамсыз берүү") боюнча катталган.

Учурда иш тергелип, мындан башка да мыйзамсыз паспорт берилген фактылар аныкталып жатканы айтылды.