Такыр башкача да болушу мүмкүн. Байденге Россия боюнча кеңеш айтылды

Серепчинин айтымына караганда, Москва менен алака түзүү Обамага караганда Байден үчүн оор болчудай.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Россия боюнча мурдагы лидер Барак Обаманын катачылыгын кайталабашы керек. Бул туурасында президент Дональд Трамптын мурдагы жардамчысы Фиона Хилл айтты.

Sputnik обосунда серепчи Михаил Нейжмаков аталган темада кеп кылды.

Трамптын мурдагы кеңешчиси, Ак үйдүн Европа жана Россия боюнча экс-директору АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байденди Москва менен болгон мамилесинде мурдагы лидер Барак Обаманын катачылыгын кайталабоого чакырды. Бул туурасында The New York Times жазган. https://www.nytimes.com/

Хилл Байдендин башка ыкманы карманышы керектигин эскерткен.

"Обама Россияга өтө текеберлик менен карап, аймактык держава деп атаган. Алар (Обаманын администрациясы – ред.) Россия туурасында баш оорутуп, көп ойлонууну каалашкан эмес", – деген Хилл.

Анын айтымында, Обаманын президенттиги башталгандан тарта "дүйнө толугу менен өзгөргөн".

"Эми аларга башкача ойлонууга туура келет", — деп кеңеш берген мурдагы жардамчы Америка истеблишментине.

Sputnik обосунда Экономикалык жана саясий коммуникациялар боюнча агенттиктин жетектөөчү серепчиси Михаил Нейжмаков бул билдирүүгө комментарий берген.

Путин Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
"Бул билдирүү Россиянын Жакынкы чыгыштагы активдүүлүгүнөн, Сириядагы операцияларынан улам чоңоюп келе жаткан таасирин, жаңы мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга туура келип жаткандыгын туюнтат. Биз ошол эле Фиона Хиллдин эксперттик мезгилинде эл алдында Россия туурасында суук-селки бир топ нерселерди айткандыгын билебиз. "Ийкемдүү эмес" деген сын-пикирлери да болгон. Мунун баары америкалык эксперттик, саясий коомчулукта бир жагынан алып караганда Россиянын дүйнөгө жана постсоветтик аймакта жаңы мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин тааныган кишилер бар экендигинен кабар берет. Мындайча айтканда, таптакыр тескери – Москва боюнча катаал багытта да мамиле болуп калышы мүмкүн", – деген Михаил Нейжмаков.

Ошондуктан анын айтымында, Москва менен алака түзүү Обамага караганда Байден үчүн оор болчудай.

"Анын татаалдыгы бул мезгилдери Обаманын администрациясынан өткөн санкция, айыптоолор жана өз ара мамиледеги тоскоолдуктар оор боло баштагандыгында", – деди Нейжмаков.

Мурдагы күнү тандоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Байден 270 добуштун ордуна 306ны алган. Ошентип, ЖМКлардын 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала билдирүүлөрү тастыкталды. Тандоочулардын добуштарынын жыйынтыгы 6-январда, Байдендин инаугурациясында бекемделет. Бул салтанат Конституцияга ылайык 20-январда өтүшү керек.