Ак-Жар конушунда электр жарыгы эмнеге өчүрүлгөн? Расмий жооп

Компания жетекчисинин айтымында, аба ырайы кескин суук болуп кеткендиктен, өлкө боюнча бардык электр линияларына күч келген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. "Электросила" жеке менчик бөлүштүрүү компаниясы Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушунда эмне себептен электр жарыгы өчүрүлгөнүн түшүндүрдү.

Эске салсак, кечээ жаңы конуштун тургундары электр жарыгынын тез-тезден өчүрүлүшүнө нааразы болуп акцияга чыгышкан. Чогулгандар айланма жолду тосуп, дөңгөлөк өрттөп, электр жарыгын өчүрүүнү токтотууну талап кылышкан.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси ТЭЦтеги көйгөйлөрдү талкуулады
"Түндүк электр" ишканасы Ак-Жар жаңы конушу "Электросила" компаниясынын абоненти экенин билдирди.

Жеке менчик компаниянын башкы директору Али Водянов аталган конушта жарыктын өчүүсүн акыркы жумаларда электр энергиясын абдан көп киши колдонгону менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, аба ырайы кескин сууктап кеткендиктен, өлкө боюнча бардык электр линияларына күч келген.

"Электр энергиясына күч келген учурда аны көзөмөлдөп турчу жабдуу турат. Бирок электр жарыгына өтө эле күч келип туруп алса, анда подстанция жана линия күйүп кетпеши үчүн жабдуу өзү өчүп калат. Ак-Жар жаңы конушунда эки линия бар. Бир линия үч подстанциянын жана суу топтолгон жайды камсыз кылат. Аны биз өзүнчө кармайбыз. Экинчи линия сегиз подстанцияны камсыз кылат. Кеч киргенден кийин элдин баары жумуштан келип жылыткычтарды иштетет. Мешке от жакса, мындай болмок эмес. Жайкысын бул линияга күч келбей эле иштейт", — деген Водянов.

Ал жаңы конуштагы көйгөйдү чечүү үчүн тез аранын ичинде план иштелип чыкканын белгиледи.

"Ал жакка дагы бир линия тартканга аракет кылабыз. Жашоочулар дагы азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, электр жарыгын жылытуу үчүн колдонбош керек. Негизи техникалык жактан жакшы эле камсыздалганбыз. Нөөмөттөгү кызматкерлер кырдаалга көз салып турат, аябай эле күч келбесе жарык өчпөйт", — деди директор.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер Равшан Сабиров Кыргызстанда жарык өчүшү мүмкүн экенин эскертти.