Кыргыз кызы Элес көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Видео

Тогуз жаштагы Элес өлкөнүн бардык шаарынан келген 22 атаандашынын ичинен суурулуп чыгып баш байгени багындырган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Элес Намазалиева көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстанга атасы Капар Намазалиев тастыктады.

Анын айтымында, өлкө чемпионаты 10-12-декабрь күндөрү Линц шаарында өткөн. Элес Австриянын бардык шаарынан келген 22 атаандашынын ичинен суурулуп чыгып баш байгени багындырган.

"Кызым мектеп курагындагылар категориясында катышты. Анын атаандаштары өзүнөн 2-5 жашка чейин улуу эле, Элес эң кичүүсү болду. Ошого карабай биринчи орунду багындырып бизди кубандырды. Анын бул чемпионатка кие турган көйнөгүн атайын буюртма берип Бишкектен тиктиргенбиз", — деди Намазалиев.

Элес Намазалиева 9 жашта, көп жылдан бери ата-энеси менен Австриянын Линц шаарында жашайт. Ал 2015-жылдан тарта муз аянтына чыгып, өз өнөрүн өркүндөтө баштаган. Учурда көркөмдөп муз тебүү боюнча Автриянын курама командасынын мүчөсү.

Буга чейин Элес Австрияда облустар аралык чемпионатта 1-орунду, Спорттук клубдар арасындагы чемпионатта дагы баш байгени, Хипполит кубогунда 2-орунду алган.

Мындан сырткары, ал 2016-жылдан тарта ушул сыяктуу бир топ конкурстардан алдыңкы орундарды ээлеп, Хорватия, Италияга да барып эл аралык сынактарга катышкан.

Элес тууралуу жана башка маалыматтарды кененирээк атасы менен болгон маектен окуй аласыздар.