Милиция имаратында өлгөн жаран: 6 милиционер тергөө соңуна чейин камакта калды

Бул алты милиционер 20-ноябрда кармалган. Аларга Жазык кодексинин 143-беренесинин ("Кыйноо") негизинде кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош шаардык соту Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын алты кызматкеринин 26 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ачылган иштен улам баш коргоо чарасын карап, тергөөнүн аягына чейин убактылуу абакта калтырууну чечти. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бул алты милиционер 20-ноябрда кармалган. Аларга Жазык кодексинин 143-беренесине ("Кыйноо") ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалгандардын бардыгы Криминалдык милициянын 31ден 39 жашка чейинки кызматкерлери экени айтылган.

Ал арада милиционерлердин туугандары Ош шаарындагы УКМКнын облустук башкармалыгынын алдына митингге чыгып, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.

Окуянын чоо-жайы

Буга чейин Ош облустук милициясынын имаратына К. уулу М. аттуу шектүү алып келинип, ал кызматтык кабинетте эсин жоготкон. Кийин ал өзүнө келбеген бойдон ооруканада үзүлгөн. Шектүү милициянын кыйноосунан каза болду делип коомдо катуу талкуу жаралган.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында бейтааныш адамдар жабырлануучуну тапанча менен коркутуп, 4 миллион 230 миң сомун карактап кетишкен.

Кызды шыпырылта сөккөн милиционердин кайда иштээри айтылды. Видео
Тергөө учурунда бул кылмышты жасаган делип Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы тургуну И.Э. суракка алынып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 15-октябрда аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип Ноокат районунун Муркут айылынын К. уулу М. аттуу 26 жаштагы тургунун тергөөгө алып келүү үчүн милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Милиция кабарлагандай, ал күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, жанынан курал жана төрт ок табылган.

ИИМден билдиришкендей, кызматкерлер шалаакылык кылып, аны бөлүмгө алып келгенге чейин медициналык кароодон өткөрүп алган эмес. Ошондой эле К. уулу М. башкармалыкка алып келингени каттоо документине жазылбай калган. Анын өлүмүнө өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнү себеп болгону айтылууда.

Бул окуядан кийин милициянын беш офицери ээлеген кызматынан бошотулуп, төмөнкү кызматтарга которулган. Өз кызматынан подполковник, майор жана үч капитан кол жууган.