БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өкмөттүн алдында комиссиянын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечимди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кабыл алган.
Жаңы курамдын түзүлүшү менен жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар менен иштеген мурдагы комиссия күчүн жоготот.
Комиссиянын курамына төмөнкү мамлекеттик жана коомдук органдардын аткаминер, активисттери кирди:
- Күч түзүмү боюнча вице-премьер — комиссиянын төрагасы;
- ИИМ башчысынын орун басары — комиссия төрагасынын орун басары;
- Транспорт министринин орун басары — комиссия төрагасынын орун басары;
- Финансы министринин орун басары — комиссия төрагасынын орун басары;
- Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
- Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
- Саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
- Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары;
- ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
- Жолдор жана транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол активдери башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги;
- Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу менен)
- Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин транспорт жана автоунаа куроо факультетинин деканы (макулдашуу менен);
- Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу менен);
- "Ижарачылар жана жеке менчик транспорттун айдоочулары" республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу менен);
- "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу менен);
- CAFMI изилдөө институтунун директору (макулдашуу менен);
- "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси (макулдашуу менен);
- "Реформа жана жыйынтык" жарандык союзунун координатору (макулдашуу менен);
- Темир Жумакадыров атындагы "Pro Lex" коомдук фондунун жетекчиси (макулдашуу менен);
- "Автоунаалардын айдоочуларынын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу менен).