Sputnik Кыргызстан кабарчысы "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталды. Сүрөт

Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен Асылбек Бактыбеков "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталып, сертификат жана статуэтка алган. Ал эми Гүлдана Талантбекова жана Маматкадыр Маматалиев атайын диплом менен сыйланышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жана радиосунун алып баруучусу Асылбек Бактыбеков KTRK SPORT AWARDS-2020 сыйлыгында "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталды.

Жылдын мыкты футболчусу ким болот? ФИФА талапкерлерди атады
Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 13-декабрда, Коомдук биринчи каналда болгон. Иш-чараны КТРК Спорт каналы беш жылдыгына карата уюштурган. Анда жылдын мыкты спортчулары жана спорт тармагында эмгектенген адамдар аныкталган.

Алгач КТРК Спорт каналы ар бир номинация боюнча беш талапкерди тандап алып, күйөрмандардын добушуна койгон. 

Sputnik Кыргызстан кабарчысы "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталды. Сүрөт

Беш талапкердин арасында эң көп добуш алып Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова, Sputnik Кыргызстан радиосунун кабарчысы Асылбек Бактыбеков жана Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын кызматкери Маматкадыр Маматалиев финалга чыгышкан. Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен Асылбек Бактыбеков "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталган. Ал эми Гүлдана Талантбекова жана Маматкадыр Маматалиев атайын диплом менен сыйланышты.