БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. "Ювентус" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду, "Барселонанын" аргентиналык лидери Лионель Месси жана "Бавариянын" польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу наамына талапкерлердин тизмесине кирди. Бул тууралуу ФИФАнын Twitter баракчасына жарыяланганын Р-Спорт жазды.
Жылдын мыкты футболчусун тандоо боюнча добуш берүү 9-декабрда аяктаган. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты 17-декабрда онлайн форматта өтөт.
25-ноябрда жарыяланган талапкерлердин баштапкы тизмесине Тиаго Алькантара (Испания, "Бавария"/"Ливерпуль"), Кевин де Брёйне (Бельгия, "Манчестер Сити"), Садио Мане (Сенегал), Мохамед Салах (Египет), Вирджил ван Дейк (Нидерланддар) (баары "Ливерпуль"), Килиан Мбаппе (Франция) жана Неймар (Бразилия) (экөө тең "Пари Сен-Жермен"), Серхио Рамос (Испания, "Реал") кирген.
2019-жылы жылдын мыкты футболчусу наамын "Барселонанын" капитаны, аргентиналык Лионель Месси жеңип алган.