Октябрдагы митингде каза болгон Үмүтбек Акыйкат медалы менен сыйланды

Маркум Үмүтбек 10-декабрь - Адам укуктарын коргоо күнүнүн урматына сыйланган. Ага ыйгарылган медаль маркумдун атасынын тууганына тапшырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Омбудсмени ушул жылдын 6-октябрында митингде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулун Акыйкат медалы менен сыйлады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Акыйкатчы Токон Мамытов 10-декабарь - Адам укуктарын коргоо күнүнүн урматына коомчулуктун өкүлдөрүнө сыйлык тапшырган. Анын катарында 5-6-октябрдагы окуяларда шейит кеткен Үмүтбек Алтынбек уулу да бар.

Үмүтбекке ыйгарылган Акыйкат медалын маркумдун атасынын бир тууганына адам укуктарына арналган иш-чарада Акыйкатчы Токон Мамытов тапшырган.

"Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлүнүн сунушу жана Акыйкатчы аппаратынын сыйлыктар боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, Үмүтбек Алтынбек уулуна Акыйкат медалы ыйгарылган. Ал жарандык активдүү позициясын көргөзүп, эртеңки адилет бийлик жана акыйкаттык үчүн жан берген", — деп айтылат билдирүүдө.

19 жаштагы жигиттин жаркын элеси түбөлүккө сакталат.