БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну көздөгөн 12 жаранды талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Назарбек Нышанов, Бакыт Романов жана Бакыт Керимбеков шайлоо фондун түзүп, күрөө төккөн эмес. Мындан сырткары, шайлоочулардан кол топтоп тапшырышкан эмес.
Дагы тогуз жаран шайлоо күрөөсүн төкпөй, кол топтоо кагаздарын өткөрбөгөнү үчүн каттоодон четтетилди.
Талапкер катары катталбай калгандар:
- Элеонора Турдубекова;
- Урустам Кабылбеков;
- Токтайым Үмөталиева;
- Медер Болгомбаев;
- Ербол Токтогулов;
- Айбек Эркетаев;
- Жаныбек Сүйүналиев;
- Мирлан Калыбеков;
- Самат Ибраев.
БШК президент болууга ниетин билдирген 65 адамдын документин кабыл алган. Кийинчерээк айрымдары ар кандай себептер менен документтерин кайра чакыртып алышкан. Учурда БШК 18 жарандын кол топтоо кагазын бекитти.