Пресс-борбор

Башка кишиге айландым. Режиссер Кончаловский Кыргызстанга келген кезин эстеди

Россиялык режиссер 1960-жылдары кыргыз кинематографиясынын жаңы толкуну жаралып "Кыргызфильм" гүлдөгөнүн белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Режиссер Андрей Кончаловский Кыргызстанга келген кезин эстеп, андагы кызыктуу учурларды Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда айтып берди.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" тасмасын Кончаловский тарткан. Режиссердун айтымында, аталган тасманы тартуу ал үчүн өтө маанилүү эле. Себеби тартуу иштери Россияда эмес, маданияты таптакыр башка мамлекетте болгон.

"Кыргызстанга келгенде жашоого, жаратылышка болгон көз карашым башкача болчу. Бул өлкөдө жүрүп кеткенден кийин мен Орто Азия маданиятына көп жагынан башкача мамиле жасап калдым. Наташа Аринбасаровага үйлөнгөнүмдө жашообуз "Биринчи мугалимдикине" окшоп драмага айланды... Ошол учурдагы Фрунзеде мен көп убакыт өткөргөн жокмун, беш айга чукул эле жүрдүм. Бирок кайра Россияга башка адам болуп кайттым. Бул үчүн силерге ыраазымын", — деди Кончаловский.

Россиялык режиссер 1960-жылдары кыргыз кинематографиясынын жаңы толкуну жаралып, "Кыргызфильм" гүлдөгөнүн белгиледи.

"Алтынайды" эки өлкөдөн издегенбиз. "Биринчи мугалимдеги" таберик сүрөт
Кончаловский Чыңгыз Айтматовду да эскерип, ал чынында улуу адам болгонуна токтолду.

"Улуу адамдар көп кыжалат боло бербейт. Алар акыйкатсыздыкты да кечирип коюшу мүмкүн. Жазуучудан да өйдө, бийик болчу. Айтматов гуманист эле. Муну чыгармачылыгынан эле билсе болот. Мисалы, эмгектери белгилүү бир маданият жана убакытта жазылса дагы бүт дүйнөгө түшүнүктүү. Бул улуу жазуучунун сапаттары", — деди ал.

Режиссер "Биринчи мугалим" тасмасын тартарда абдан толкунданганын айтып, Айтматовдун көмөгү менен фильм эл күткөндөй болгонун кошумчалады.