БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын ичинен Бишкектеги автомектептердин биринин өкүлүн кармашты. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Буга чейин Sputnik агенттигине маалымат булагы "Унаа" мамлекеттик агенттигине Финполдун атайын даярдыктары аскерлери кирип барып, бирөөнү кармап кеткенин маалымдаган.
Анткен менен "Унаанын" бир катар кызматкерлери менен автомектептин өкүлү айдоочулук күбөлүк алам деп экзамен тапшыргандардын өтүп кетиши үчүн акча талап кылганы да айтылган эле. Ар бир кишиден 5 миң сомдон пара талап кылынган деген маалымат түшкөн. Финполдон спецназ баргандыгын тастыктап, бирок кимди кармап кеткендигин айткан эмес.
Мамлекеттик каттоо кызматынан "Унаанын" кызматкеринин жанынан акча табылбагандыгын жана аны кармады деген маалымат тастыкталбагандыгын айтышты. Алар автомектептердин биринин өкүлү колго түшүрүлгөнүн билдиришти.
Учурда "Унаа" кадимки тартипте иштеп жатат.