Өкмөттүн аппарат жетекчиси ТЭЦтеги көйгөйлөрдү талкуулады

Воропаев жылуулук борборун модернизациялоонун алкагында эски станциядан демонтаждалган металлдарды ЖЭБдин аймагынан ташып чыгаруу маселесине жардам берүүнү өтүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборуна барып, көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен танышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматына караганда, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө. Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар.

Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек.

"Калкты кышында жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу — өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Биз Бишкек шаарындагы турак жайлардын 80 пайызын жылуулук менен камсыз кылган ЖЭБдин иштөөсүн, кышкы максималдуу жүктөмүн, отундун корун жана көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүү максатында келдик. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өзгөчө маани берүү керек. Кандайдыр бир авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат", — деп белгиледи Аманбаев.

Ошондой эле өкмөт аппаратынын жетекчиси Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Андрей Воропаев менен ТЭЦтин көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүүнүн жолу боюнча сүйлөштү.

Воропаев жылуулук борборун модернизациялоонун алкагында эски станциядан демонтаждалган металлдарды ЖЭБдин аймагынан ташып чыгаруу маселесине жардам берүүнү өтүндү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ТЭЦтин ишин көрүп, даярдыгын текшерди
"Мурдагы эски станциянын демонтаждалган металлдары үч жылдан ашык убакыттан бери ТЭЦтин аймагында экен. Анын көлөмү 14 миң тоннага жакын. Бул өз кезегинде ЖЭБдеги энергетиктердин ишине тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар металлдарды жылуулук борборунун аймагынан ташып чыгарууну шарттаган өкмөттүн токтом долбоорун даярдоого тийиш", — деди Аманбаев.

Эскерте кетүүчү жагдай, Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык объект. Бишкек ЖЭБи борбор калааны ысык суу жана жылуулук менен гана камсыздабастан, кышкы суукта 7-8 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат.