Дооматтары — өлкө башчысы саламаттык сактоо тармагын кыйратып, калкты ооруканаларда жетиштүү орундар менен камсыздай албады, кезегинде COVID-19дун кооптуулугун туура баалабады.
Чындыгында кеңири калкка ылайыкталган америкалык медицинанын бүлгүнгө учурашы тээ 90-жылдары эле башталган. Дональд Трамп дал ошону жайлатууга тырышкан. Мисалы, ал америкалык "Биг Фарм" ишканасына ачык согуш жарыялаган. Бирок ал күрөштө жеңип чыгуу дээрлик мүмкүн болбоду. Америкадагы фармацевтикалык компаниялардын акыркы жылдардагы ишмердигине Виктория Никифорова сереп салган.
Бир топ жылдан бери америкалык саламаттык сактоо тутумунун эң башкы көйгөйлөрүнүн бири – дары-дармек баасы. Тагыраак, анын тынымсыз өсүшү өндүрүшчүлөрдүн ач көздүгү менен гана шартталган.
2015-жылы дүйнөлүк басма сөз бир ооздон Мартин Шкрелини жамандап чыгышкан. Айлакер фармацевт ВИЧке кабылгандар үчүн белгилүү дарыны чыгаруу укугун сатып алары менен баасын көтөрүп салган. Мурда 13,5 доллар турган дары 750 долларга чыккан. Шкрелини жылдын эң жек көрүнгөн адамы деп аташкан, бирок бул деле аны токтото албады. Баары бир ал ошол бойдон препарат наркын түшүргөн эмес.
Сейрек кездешүүчү кеселдерди дарылоого багытталган орфандык препараттарды өндүрүүчүлөр укмуштай киреше табышат. Жылдык дарылануу жарым миллион долларды чапчыйт.
2019-жылдын алты айында эле айтылуу Прозактын (антидепрессант) баасы 8,8 эсеге өскөн. Айрыкча өтө зарыл дары-дармектердин кымбатташы үрөй учурат.
Кадимки эле инсулиндин бир ченеми 2019-2019-жылдар аралыгында үч эсеге, тагыраак, 90 доллардан 330 долларга чейин өскөн. Медициналык камсыздандыруу инсулиндин баасын жабат, бирок эки миллиондой диабетиктердин эч кандай андай социалдык пакети жок.
Отуз алты жаштагы Лора Марстон BBC журналисттерине былтыр иштеген фирмасы жабылгандан кийин медициналык камсыздандыруусуз калган. "Тирүү калуу үчүн эле айына дарыланууга 2880 доллар сарптайм", – дейт ал.
Азырынча жумушка орношо элек, Марстон машинасын сатууга, пенсияга топтогон каражатынын баарын эң зарыл дары-дармегин сатып алууга жумшоого мажбур болгон.
Аргасы түгөнгөн адамдар инсулиндин бир жолку ченемин бир нечеге бөлүп, жеткирүүгө тырышып келишет. Көп учурда андай аракет ажалга жетелейт. 26 жашар Алек Смит медициналык камсыздандыруусу аяктагандан бир ай өтпөй 2017-жылы көз жумган. Смит күн сайын таңдан кечке дейре иштечү, ошентсе да анын бир айга инсулин сатып алууга каражаты жеткен эмес.
Антибиотиктердин ашкере кымбаттыгынан улам америкалыктар ветеринардык дарыларды сатып ала башташкан. Эң өтүмдүүсү – аквариумдук пенициллин. 1950-жылы эле өндүрүлө баштаган белгилүү антибиотиктин "адамга" ылайыкталган суспензиясынын флакону 2400дөн 2800 долларга чейин турса, башка аргалары барбы?
Анткен менен статистика кыймылсыз мүлктүн рекоррдук кымбатташын көз жаздымда калтыргандай эле дары-дармектин кескин кымбатташын да байкагысы келбегени кызык. АКШдагы инфляциянын расмий деңгээли мурдагыдай эле бир жарым пайыздын тегерегинде кармалат, бирок бул, албетте, реалдуулуктан алыс.
Жергиликтүү рынок импорттук арзан женериктер (generic drug – фармацевтикалык, биологиялык жана терапиялык натыйжалуулугу оригиналы менен бирдей экени тастыкталган препараттар) үчүн жылчыксыз жабык. Жарандар чет өлкөлөрдөн бир аз дары алып келе алышат, бирок бул үчүн ошол препараттарга жазып берген рецеби болушу шарт. Дарыканада рецептисиз препарат сатып алуу мүмкүн эмес. Чет өлкөлүк интернет-сайт же социалдык медиадан дары сатып алууга тыюу салынат. Башкача айтканда, адам камсыздандыруусуз калса оор абалга тушугат, ал эми андай америкалыктардын саны кырк миллионду түзөт. Дарыканадан парацетамолдон башка дары сатып ала албайт.
Антибиотикти алып ичүү үчүн врачтын рецеби керек. Дарыгерге медициналык камсыздандыруусуз баруу үчүн чоң сумманы төлөөгө туура келет. Бейтаптын каражаты жок, акчасы болсо камсыздандырууну сатып алмактыр...
Медициналык камсыздандыруу деле көбүнесе препараттын баасынын бир бөлүгүн гана жабат. Ошондуктан америкалык бейтаптардын үчтөн бири дарыларды рецепт менен таптакыр сатып албоого аракет кылышат.
Америкалыктарды дары-дармек каатчылыгына рыноктогу көрүнбөс күч кептеген. Ал мамлекетти катыштырбастан эле дайым жарандардын капчыгын кагып келет. Өлкөдө препараттардын баасын жөнгө салуучу мамлекеттик мекеме жок. АКШда дары өндүрүшүн көзөмөлдөй турган жалгыз федералдык орган Азык-түлүк өндүрүмдөрү жана медикаменттердин сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы (Food and Drug Administration) болуп саналат. Бирок фармацевтикалык компаниялар FDA менен маселелерин ийгиликтүү чечип алышкан. Дал келүүбү же башкабы, айтор качан болбосун, бул мекеменин башына өмүр бою ири фармацевтикалык компанияларда иштеген кишилер келет.
Бирок FDA мекемесинин да дары-дармек баасын көзөмөлдөөгө укугу жок. Быйыл фармацевтикалык компаниялардын ишмердигин иликтөөгө АКШ конгресси аргасыз болду. Анткени рынокто өкүм сүргөн адилетсиздикти жашырууга мүмкүн болбой калды. Бирок иликтөөгө анчалык ынтаа коюлган жок. "Биг Фармдын" америкалык сынчылары бул индустриянын өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана өз талапкерлерин өткөрүү үчүн саясатчыларды сатып алууга жыл сайын жүз миллиондогон доллар сарптаарын айтышат. Анан калса, алардын кызыкчылыгын башкаруучу эки – Демократиялык да, Республикалык партиянын да өкүлдөрү ишке ашырышат. Эки саясатчы гана фармацевтикалык компаниялар менен күрөшүүгө тырышты.
Ири маалымат каражаттарынын директорлор кеңешинде чоң фармацевтикалык концерндердин кеминде эле бир өкүлү болору тууралуу имиш бар. Ошондуктан журналисттер фармацевттердин бардык кылык-жоруктарына көз жуумп коюуга аргасыз. Балким бул жөн гана ушак кеп чыгар, бирок "Биг Фармдын" айыбын ачкан макалалар ири америкалык басылмаларда соңку жылдары чындап эле жарыяланган эмес. Болбосо кырдаалдын курчушу жетер чегине жетип калды.
Реалдуулук кандай көрсөтүлсө да катардагы америкалыктардын эң керектүү дары-дармекти сатып алууга дээрлик мүмкүнчүлүгү жоктугу чындык. Президент Трамп дал ушул коррупциялашкан тутумду талкалоого тырышты.
Анын төрт тарыхый жарлыгы дарыканаларга салыштырмалуу арзан канадалык женериктерди сатып алууга уруксат берди, инсулиндин баасын чектеди, Medicare (саламаттыкты камсыздандыруу боюнча улуттук программасын) дары-дармекти өндүрүшчүлөрдөн чет жактагы өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй баада сатып алууга милдеттендирип, препараттарды сатып алууда келишимге ортомчу болгон үчүнчү тараптын үлүштөрүнө тыюу салган.
Июль айында кол коюлган бул жарлыктар фармацевтикалык компаниялардын кыжырын кайнатпай койбоду. Ноябрда шайлоодогу көптөгөн мыйзамсыз аракеттер Трамптын жеңилишине алып келди. Буга ал анын кийинки мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө үчүн миллиондорду салган дары өндүрүүчүлөрдү күнөөлөдү. Декабрда алар президенттик администрацияны июлдагы жарлыктардан улам сотко берди. Алардын сотто утуп чыгары да ажеп эмес.
Эгер Трамп акыры кете турган болсо, өлкөдө дары-дармек кол жеткис нерсеге айланары турулуу иш. Андай абалдан эми америкалыктарды эч нерсе сактай албайт. Коронавируска каршы эмдөө жөнүндө ооз ачпай деле коелу.
АКШ бийлиги Россия тарабынан сунушталган Спутник-V вакцинасынан караманча баш тартканы түшүнүктүү. Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасына өз вакцинасын иштеп чыгып жаткан жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар ошол эле жарандарды кайра "ата мекендик гана" дарыны сатып алууга мажбурлашат.
Ал эми ал вакцинанын наркы канча болору али белгисиз. Болгону АКШ бийлигинин ал баага таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү да, каалоосунун да жоктугу гана айкын.