Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги гумжардам топтоп өлкөгө жөнөттү

Салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармек жана медициналык буюмдар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн дары-дармек жана башка гуманитардык жардамды Саламаттык сактоо министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта гумжардам Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин, премьер-министрдин, Тышкы иштер министрлигинин көрсөтмөлөрүнүн алкагында топтолгону белгиленген.

“Салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармек жана медициналык буюмдар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Educational Advisor компаниясына Пакистандан Кыргызстанга жүк жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле элчиликтин Пакистандагы Лахор университетиндеги өнөктөштөрүнө, “Брукс”, “Хербион”, “B4U” тобуна гуманитардык жүктөрдү чогултуудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Элчилик COVID вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берери белгиленди.