Ферганада кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат

Кеңешмеде эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, аны мындан ары активдештирүү жана чек ара көйгөйлөрү талкууланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков өкмөттүн чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын акимдеринин кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өзбекстан КРден газ алып кетип жатабы? Чуулгандуу видео боюнча расмий жооп
Иш-чарага кыргыз тараптан Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышканы айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү жолдору талкууланууда.