Түлөбаев: жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырууда ортомчуларга ишенбегиле!

Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу акысыз болорун айтып, ортомчуларга алданып калбоону эскертти.

Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

"Бишкектин жаңы конуштарындагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул бекер болот. "Акча чогулткула, биз чуркайбыз" дегендерге ишенбегиле! Кызыл китеп аларда гана банкка акча төлөйсүздөр. Башка төлөмдөр болбойт", — деп жазган Түлөбаев.

Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айткан.