Коронавирустан беш киши көз жумду, 110 бейтаптын абалы өтө оор

Өткөн суткада каза болгондор Чүй облусу менен Бишкек шаарынын тургундары. Акыры айлардын ичинде коронавирустан көз жумгандар күн сайын катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. COVID жуктуруп алгандардын ичинен өткөн суткада беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта көз жумгандардын үчөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан экени айтылат.

Ушуну менен оорудан мерт болгондордун саны 1 295ке жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 2 551 бейтап жатат. Алардын 27синин абалы канааттандырарлык экени маалым болду. 1 765 киши орточо оор, 649 адам оор абалда, ал эми 110 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

3 441 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.