АКШдагы “жылмайган” токой. Видео

АКШдагы ийне жалбырактуу дарактар отургузулган токойдо жыл сайын күздө өзгөчө көрүнүш пайда болот. Асмандан караганда көзүңө кадымки "быйтыкча” (смайлик) урунат.
Sputnik

Американын Орегон штатында жайгашкан токойлордун бирин күздүн күнү асмандан караганда жылмайып турган смайликти көрүүгө болот.

2011-жылы токойду калыбына келтирүү программасынын алкагында эки башка түрлүү дарак отургузулган. Биринин жалбырагы жыл бою жашыл бойдон турса, смайлик формасында отургузулган дарактардын жалбырагы күздө саргайып түшүп калат.

Маалыматка караганда, бул токой ар бир 50 жылдын ичинде курулуш материалы катары кыйылат. Демек, бул смайлик дагы жарым кылым “жылмайып” турмакчы.