Playboy модели акулалардын арасында фотосессия жасады. Сүрөт

Бийкеч стереотиптерге каршы туруу үчүн акулалар менен жылаңач сүрөткө түшүүнү чечкен. Фотосессия Тынч океанында жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бельгиялык Playboy модели Мариса Папен суу алдында акулалар менен фотосессия жасаганын The Daily Mail жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, сүрөткө тартуу иштери Тынч океанындагы Оаху аралынын жээгинде болгон. Бийкеч Earth Family календары үчүн сүрөткө жылаңач түшкөнү айтылат.

Мариса 45 мүнөттүн ичинде сууга 20 жолу чумкуганын баяндап берген. Моделдин айтымында, акулалардын арасында жүрүп корккон эмес.

​"Акулалардын арасында сууда сүзүү менин жашоомдогу эң бир беймарал учур болду", — деди Папен.

Рим папасынын модель кыздын эротикалык сүрөтүнө лайк коюшу териштирилип жатат
Бийкеч бул фотосессиясын стереотиптерге каршы күрөшүү максатында жасаган.

"Мээге орноп калган түшүнүктөрдү жок кылгым келди. Биздин коомчулукта адамдын жылаңач денеси акула сыяктуу жаман нерсе катары кабылданат", — деп түшүндүрдү модель кыз.

Мариса Папен Playboy журналы менен иштегенден тышкары чагымчыл фотосессиялары менен да таанымал.