Акылга сыйбаган жапайы жаратылыш. Дүйнө жүзүнөн чогулган мыкты 15 сүрөт

Sputnik

Фотографтардын сынагы Москвада жыл сайын жапайы жаратылыш фестивалынын алкагында өткөрүлүп келет. Быйыл пандемиядан улам иш-чара онлайн форматта 20-ноябрдан 13-декабрга чейин болууда. 14 жылдын ичинде сынакка 137 мамлекеттен 22 миң кесипкөй фотограф катышкан. Конкурс 17 номинация боюнча жеңүүчүнү тандайт.

1 / 15
Италиялык Франческо Визинтин "Жыл фотографы" наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган
2 / 15
"Жаныбардын портрети" номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган
3 / 15
Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү "Жаратылыш жаштардын көзү менен" номинациясында мыкты деген баага татыды
4 / 15
"Секирик". Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы "Жаныбардын кыймылы" аттуу номинацияны жеңип алды
5 / 15
"Жаратылыш балдардын көзү менен" номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди
6 / 15
"Эко-плакаттар" категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан
7 / 15
Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү "Адам жана жаратылыш" номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти
8 / 15
"Микродүйнө" номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)
9 / 15
Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү "Искусство жана табияттын образы" номинациясында жеңүүчү болду
10 / 15
"Россиянын коруктары" номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган
11 / 15
Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү "Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар" номинациясын утуп алды
12 / 15
Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын "Бул менин издерим эмес" деп аталган эмгеги "Эко-плакаттар" номинациясында мыктылардын бири болду
13 / 15
Россиялык Вячеслав Лузановдун "Шаман багы" "Пейзаж" номинациясында биринчиликке татыды
14 / 15
"Жаратылыш койнундагы жаныбарлар" номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан
15 / 15
Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү "Өсүмдүктөрдүн магиясы" номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды