Добуш керек! Айсулуу Тыныбекова мыкты спортчу сынагынын финалына чыкты

Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлүп жатат. Күйөрмандар Айсулууга добуш берүү үчүн Stories бөлүмүнө кириши керек.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) мыкты спортчу аялды аныктаган онлайн сынагына катышып жаткан кыргызстандык дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Бул тууралуу эл аралык уюмдун Instagram баракчасында жазылган.

Уюштуруучулар мелдештин сеткасын түзгөн. Күйөрмандардын онлайн-добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен көп добуш алган спортчу кийинки баскычка өтөт.

Сынактын чечүүчү бөлүгүндө Тыныбекова индиялык Винеш Пхогат менен тең тайлаша добуш топтоп жатат. Азырынча добуштар бирдей, кээде азыраак айырма болуп кетүүдө.

Добуш керек! Айсулуу Тыныбекова мыкты спортчу сынагынын финалына чыкты

Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлүп жатат. Айсулууга добуш берүү үчүн Stories бөлүмүнө кирүү керек.