"Кайгуул кызматы чыкса, ат". Тапанча менен түз эфирге чыккан жигит кармалды. Видео

Видеодон автоунаанын алдыңкы орундугунда отурган жигит түз эфир учурунда "Кайгуул кызматын көрсөң ат" деп тапанчаны улам айнек жакка такаганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы мыйзамсыз негизде курал алып жүргөн деген жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 3-декабрда Instagram социалдык баракчасында ок атуучу курал менен түз эфирге чыккан белгисиз жигиттин видеосу пайда болгон.

Анда автоунаанын алдыңкы орундугунда отурган жигит түз эфир учурунда "Кайгуул кызматын көрсөң ат" деп тапанчаны улам айнек жакка такаганын көрүүгө болот.

Милиция бул окуя боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүп, жыйынтыгында 25 жаштагы О.Н. аттуу жигиттин колго түшүрүлгөнү айтылды. Ал Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.