Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий дагы бир жылга узартылды

Мораторийдин мөөнөтү коронавирус пандемиясынан улам ишкерлик субъектилерге кошумча стимул берүү максатында созулган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан ишкерлик субъектилерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү дагы бир жылга жылдырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Миңдеген гектар жер кантип трансформацияланат. Күчүнө кирген жаңы мыйзам
Билдирмеге караганда, бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.

Аталган чечимге ылайык, эми мамлекеттик көзөмөл органдары 2022-жылга чейин бизнести текшере албайт.

Мораторийдин мөөнөтү коронавирус пандемиясынан улам ишкерлик субъектилерге кошумча стимул берүү максатында созулганы айтылды.