"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт

Жетекчи кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жер ресурстары агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган ишкананын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.

Мурдагы чекист кармалды. УКМК алтын аткезчилиги боюнча иштин чоо-жайын айтты
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачып, иликтөөнүн алкагында системалуу түрдө акча жыйноо фактысына тиешеси бар адамдарды аныктаган.

Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 2-декабрда, Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин дал ушундай факты менен Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев жана аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев камалган.