Дагы төрт адамдын өмүрү кыйылды. COVID-19 боюнча статистика

Акыркы айларда Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар күн сайын катталууда. Бүгүн алардын жалпы саны 1 281ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан төрт киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, көз жумгандардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болгон.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 281ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 689 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 120 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 37 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 809 — орточо оор;
  • 725 — оор;
  • 120 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 570 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.